Колл - борбор: 105, 1209

500 кВ аба чубалгысына 18 даана аша чыңалуудан коргоочу(ОПН) жабдуу орнотулду

2 Июнь 2025 ж.

“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Жалал-Абад электр тактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы Кара- Көл шаарына караштуу Жазы - Кечүү айылынын Гүдү жайлоосун аралап өткөн №509 “Токтогул ГЭС -Түлөбердиев” 500 киловольттук аба чубалгысында 18 даана аша чыңалуудан коргоочу(ОПН) жабдуу орнотушту.

Гүдү жайлоосу деңиз деңгээлинен 1800 - 2500 метр бийик. “Токтогул ГЭС -Түлөбердиев” 500 киловольттук аба чубалгысы Токтогул ГЭСтен Талас ЭТИге чейин электр энергиясын жеткирип берет.Узундугу 127 чакырымды түзгөн аба чубалгы 1979 - жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Аталган аба чубалгынын 113 чакырым аралыгын, тактап айтканда Токтогул ГЭСтен чыккан линиянын 1- 323 тирөөчкө чейин Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматынын Кара-Көл жана Токтогул бөлүмдөрү тейлейт. Ал эми 14 чакырым же болбосо 47 тирөөч Талас ЭТИнин тейлөөсүндө.

 Бүгүнкү күндө капиталдык курулуш багыты боюнча аталган аба чубалгыга ОПН (аша чыңалуудан коргоочу) жабдуусун орнотуу жумуштары толук аяктады. Аты айтып тургандай бул жабдуу аба-ырайынын ар кандай катаал шарттарында аба чубалгысын бүлүнүүдөн сактоо менен бирге канча жолу сактаганын да эсепке алып турат. Буга чейин 2013-жылы 21 даана коюлган болсо, учурда 18 даана ОПН орнотулду. Мында Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул бөлүмдөрүнөн 3 бригада түзүлүп, 29 кызматкер жумуш алып барышты. Жабдууну коюу оңойго турган жок. Жолдун катаалдыгы, жабдууну ташуу, кураштыруу, аба-ырайынын кескин өзгөрүүсү бир топ кыйынчылык жаратса да, энергетиктер мерчемделген убакытта өз жумуштарын ийгиликтүү аякташты. Анткени алардын ар бир жумушу күз- кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө багытталат.