Колл - борбор: 105,

38 айылда электр энергиясын берүүнүн сапаты жакшырды

30 Март 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тариф саясатынын алкагында түшкөн каражаттарды электр тармагын жаңылоого багыттоо боюнча тапшырмасына ылайык, КУЭТ ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасында ири оңдоп-түзөө жана модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында Сузак районундагы «Районная» көмөк чордонунда эски үлгүдөгү май өчүргүч (МКП-110 кВ) заманбап элегаздык LW36-126 өчүргүчүнө алмаштырылды.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айыл аймагына караштуу Сапаровка айылында жайгашкан 110/35/10 кВ чыңалуудагы «Районная» көмөк чордонунда учурда комплекстүү жаңылоо иштери жүрүп жатат. Көмөк чордон 1977-жылы курулуп башталып, 1980-жылы пайдаланууга берилген.

Мындагы эски май өчүргүч (МКП-110 кВ) өз мезгилинде ишенимдүү кызмат өтөгөнү менен, акыркы жылдары эскиришине байланыштуу бир катар кыйынчылыктарды жаратып келген. Тактап айтканда, тейлөө көп убакытты талап кылып, эксплуатациялык чыгымдар жогору болуп, майдын агып кетүү коркунучу жаралган. Ошондой эле өчүрүү ылдамдыгы жайыраак болуп, айрым учурларда авариялык өчүүлөрдүн көбөйүшүнө таасирин тийгизген.

Ал эми жаңы орнотулган элегаздык LW36-126 өчүргүч бул кемчиликтерди жойду. Анын артыкчылыктары:
– өчүрүү ылдамдыгы жогору, авариялык кырдаалдарга дароо жооп берет;
– тейлөө аралыгы узарып, эксплуатациялык чыгымдар кыйла азайды;
– май колдонулбагандыктан коопсуздук жана экологиялык талаптар жогорулады;
– ишенимдүүлүгү жогору болуп, күтүүсүз өчүүлөр кескин кыскарды.

Башкача айтканда, мурдагы эски жабдууларда үзгүлтүк жана тейлөөдө кыйынчылыктар көп болсо, жаңы заманбап өчүргүч орнотулгандан кийин электр энергиясын берүү туруктуу, коопсуз жана сапаттуу деңгээлге чыкты.

Бул энергообъект бүгүнкү күндө Көк-Арт өрөөнүндөгү 5 айыл аймагын жана Көк-Жангак шаарын, жалпысынан 38 айылдагы 17 миңге жакын керектөөчүнү электр энергиясы менен камсыз кылууда. Акыркы 3 жыл ичинде дагы 990 жаңы керектөөчү кошулуп, электр энергиясына болгон жүктөм жогорулаган.

Көмөк чордонуна 110 кВ чыңалуудагы Торобаев – Райондук жана Торобаев – Жалал-Абад-2 аба линиялары туташкан. Ошондой эле кубаттуулугу 16 МВА болгон эки күч трансформатору иштеп турат.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында жабдуулар жаңыланып, электр энергиясын жеткирүүдөгү техникалык жоготуулар кыскарып, өчүүлөрдүн саны азаюуда. Бул керектөөчүлөргө көрсөтүлгөн кызматтын сапатын кыйла жакшыртат.

Белгилей кетсек, тарифтердин жогорулашы дал ушундай маанилүү иштерди ишке ашырууга багытталган. Түшкөн каражаттар эски жабдууларды алмаштырууга, көмөк чордондорду модернизациялоого жана тармакты кеңейтүүгө жумшалууда. Натыйжада жаңы жабдуулар жогорку жүктөмдө да туруктуу иштеп, электр энергиясынын сапатын камсыз кылып, элди ашыкча өчүүлөрдөн сактайт.