Колл - борбор: 105, 1209

220/110/10 кВ«Э.Төрөбаев» көмөк чордонунда автотрансформатордун кубаттуулугу жогорулатылууда

19 Май 2025 ж.

Базар - Коргон районунун кээ бир аймактарын, Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын керектөөчүлөрүн жана Ош облусунун кээ бир аймактарын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана тейлөө сапатын жакшыртуу максатында "Кыргызстан УЭТ " ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 220/110/10 кВ «Э.Төрөбаев» көмөк чордонунда АТ-3 автотрансформаторунун кубаттуулугу жогорулатылууда. 2025-жылдын капиталдык курулуш жана реконструкциялоо иштеринин алкагында аталган көмөк чордонундагы 2006- жылы орнотулган кубаттуулугу 125 000 кВА болгон “АТДЦТН”үлгүдөгү автотрансформатору кубаттуулугу 200 000 кВА болгон Кытай өндүрүшүнөн чыгарылган жаңы үлгүдөгү заманбап автотрансформаторго алмаштырылууда. Бул көмөк чордондо мындай автотрансформатор 3 даана. Алды 50 жылдан ашуун убакыт кызмат кылган жабдыктардын бир жагынан эскилиги жетсе, экинчи жагынан улам керектөөчүлөрдүн саны көбөйгөндүктөн жабдуулардын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу муктаждыгы жаралууда. Кийинки жылдарда буйруса дагы эки авторансформатордун кубаттуулугун жогорулатуу пландалууда. Бул аткарылып жаткан иштер керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.