Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Алтынбек Рысбековдун энергетикалык инфраструктураны жаңылоо, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана заманбап ыкмаларды киргизүү боюнча тапшырмаларынын алкагында Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 2027-жылга карата пландын негизинде жаңы долбоордун үстүндө иш алып баруу маселелери талкууланды.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын коммерциялык маселелер боюнча башкы директорунун орун басары Уларбек Дүйшө уулу иш сапарынын алкагында Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.
Жыйында 2027-жылга мерчемделген пландарды ишке ашырууда эски ыкмалардан акырындык менен баш тартып, заманбап жана натыйжалуу технологияларды колдонуу зарылдыгы белгиленди.
Атап айтканда, иштөө мөөнөтү аяктаган электр жабдууларын, көмөк чордондорду жана электр мамычаларын жыл сайын оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымдар менен аларды жаңы, сапаттуу жана заманбап жабдууларга алмаштыруунун техникалык-экономикалык натыйжалуулугун салыштыруу маселеси көтөрүлдү.
Уларбек Дүйшө уулу каражаттарды үнөмдүү жана максаттуу пайдалануу менен бирге, эскилиги жеткен жабдууларды кайра-кайра оңдоого кеткен чыгымдарды азайтып, алардын ордуна узак мөөнөттүү пайдаланууга ылайыкташкан жаңы жабдууларды орнотууга артыкчылык берүү маанилүү экенин белгиледи.
Мындай ыкма электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык өчүүлөрдүн алдын алууга жана тейлөөгө кеткен чыгымдарды оптималдаштырууга багытталат.
Жыйында 2027-жылга карата өндүрүштүк жана каржылык көрсөткүчтөр, капиталдык салымдар, оңдоо иштеринин көлөмү жана материалдык-техникалык ресурстар боюнча сунуштар каралып, жаңы долбоордун негизги багыттарын аныктоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Жыйынтыгында иштөө мөөнөтү аяктаган электр объектилерин этап-этабы менен жаңылоо, заманбап жабдууларды киргизүү жана каражаттарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу белгиленди.