Колл - борбор: 105, 1209

2026- жылга чейин Жалал-Абад облусу боюнча 236 000 керектөөчүгө “Акылдуу эсептегич” коюлат

1 Май 2024 ж.

2026- жылга чейин Жалал-Абад облусу боюнча 236 000 керектөөчүгө “Акылдуу эсептегич” коюлат
 
Бүгүн, Жалал- Абад шаардык электр энергиясын сатуу ишканасында республикадагы бардык электр тармактар ишканалардын коммерциялык маселелер боюнча директордун орун басарлары, ЖЭТИнин бардык РЭТтеринин электр энергиясын сатуу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышкан семинар болду.
 
 Мында “КУЭТ”ААКтын коммерциялык маселелер боюнча башкы директордун орун басары Уларбек Дүйшө уулу өлкөдө болуп жаткан санариптештирүүгө багытталган энергетика тармагындагы ирилештирүү, оптималдаштыруу жаатында айтып берди.
 
Алардын бири өлкө ичинде керектөөчүлөргө коюлуп жаткан акылдуу эсептегичтердин ыңгайлуулугу. Абоненттерге эсеп дүмүрчөгү “Мой свет” аркылуу барганы жана төлөм банктардын санарип тиркемеси аркылуу төлөнүп жатканы көпчүлүктүн колдоосуна ээ болду.
 
 Жалал-Абад шаардык электр энергиясын сатуу ишканасында 34 миң калк керектөөчүсү болсо, алардын 4 миңге жакыны калк эмес абоненттер. Анын ичинен туруктуу жашаганы 29миң керектөөчү бар.
 
 Иш мерчеминин негизинде 23 миң абонентке “Акылдуу эсептегич” коюуу пландалган болсо анын 1 500 абонентке 3 фазалуу эсептегич коюлушу керек. Учурда 22 800 абонентке акылдуу эсептегич коюлуп, төлөм “Мой свет” аркылуу жүргүзүлүүдө.
 
 Бул санариптештирүүнүн негизинде акыркы 3 айдын жыйынтыгы менен электр энергиясы Жалал-Абад ЭСте 11 пайыз үнөм болгон.
 
 Ал эми оптималдаштыруунун негизинде 14 кызматкерге кыскартуу болуп, аларга Жалал- Абад электр тармактар ишканасынын бош орундары (ваканция) сунушталып, 11и кайра жумушка орношту. Ал эми 3 кызматкерге бош орундар сунушталып жатат.
 
 Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусу боюнча 236 000 керектөөчүгө “Акылдуу эсептегич” коюлат. Жакынкы аралыкта санариптешүү иштери Сузак районунда уланат.