Колл - борбор: 105, 1209

2025-жылы 1116 кызматкер техникалык окуудан өткөрүлүүдө

13 Январь 2025 ж.

2025-жылдын 8-январынан тартып "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасында кызматкелер үчүн техникалык окуулар башталды.

Учурда облустагы баардык Райондук электр тармактарынын кызматкерлерине өндүрүштөн ажыратылбаган техникалык окуулар өткөрүлүп жатат.

Аталган окутуунун негизги максаты - ар бир кызматкерди биринчиден өздүк коопсуздукка үйрөтүү, ошону менен бирге ар кандай кырдаал учурунда техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоого багытталган.


Жалал - Абал электр тармактар ишканасынын окуу борборунун жетекчиси Гулжан Кочкорова техникалык окууда коопсуздукту сактоодогу атайын белгилерди кандай учурда пайдаланууну, электр орнотмолорун иштетип пайдалануудагы коопсуздук эрежелерин сактоону, кокустан токко урунган адамга кандай жардам көрсөтүү керек,  ал учурда кызматкер өзү токко урунбашы үчүн эмнеден башташы зарыл экенине түшүндүрмө берди. 

Айта кетсек, 2025-жылга карата  “КУЭТ” ААКтын окуу борборуна план боюнча өндүрүштөн ажыратып 138 кызматкер окууга жөнөтүлөт. Ал эми ЖЭТинин окуу  борборунда 180 адам окутулат. Жалпысынан алганда план боюнча 1116 адам өндүрүштөн ажыратылбаган окууда (тех.учеба) окутулат.
 
Түзүлгөн график боюнча январь айында башталган окуу февраль айында жыйынтыкталат.