Колл - борбор: 105, 1209

2024-жылы Механикалык цехте 2000 даанадан ашуун металл конструкциялары жасалды

11 Ноябрь 2024 ж.

“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы- Жалал- Абад электр тармактар ишканасынын механикалык цехинде оңдоо жана техникалык тейлөөлөрдү аткаруу үчүн 2000 даанадан ашуун металл конструкциялары жасалды.

️ Цехте өткөн жылы 3 станок менен жумуш аткарылса, быйылкы жылы 3 станок жумушка киргизилди.

️ Мында трансформатордун шкафтары, эшиктери, тосмолор, койгучтар, ар түрдүү типтеги траверсалар жана мамычаларды бириктиргичтер, металл конструкциялары керектүү темир бурчтардан кыркылып ширетилип жасалып, ошондой эле цехте тегерек туюк темир таяктар кесилип, токардык станокто бурамалар жасалып, конструкцияларга камыттар даярдалды.

️ Жаңы келген станоктор жана быйылкы жылы жаңы имаратта жумуш баштоо механикалык цехтин ишин алда канча алдыга жылдырды. Жетекчисинин айтымында кесүүчү, кыркуучу жана ийүүчү станоктор келгенге чейин көпчүлүк жумуш адам күчүн талап кылып, көп убакытты алчы дейт. Дагы алдыда 2 станок жумушка кирет.

️ Аталган цехте жасалган металл конструкциялары Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын бардык РЭТтеринде оңдоп- түзөө жумуштарында пайдаланылды.

️ Ишкана келерки жылга ишмердүүлүгүн күчөтүп, электр жабдууларын 2 эсе көп чыгарууну план кылууда.