Колл - борбор: 105, 1209

110/35/10-6 кВ "Жалал-Абад" көмөк чордонунда "LW 36-136" типтеги жаңы элегаздык өчүргүч орнотулду

13 Август 2024 ж.

"КУЭТ" ААКнын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын көмөк чордон кызматы  Жалал-Абад шаарындагы  110/35/10-6 кВ "Жалал-Абад" КЧда эскилиги жеткен жабдыктарды алмаштырып, "LW 36-136" жаңы типтеги  элегаздык өчүргүч орнотушту. Жумуш ыргагы ЖЭТИнин капиталдык курулуш планынын негизинде аткарылды. 

Мурдагы "МКП -110" өчүргүчтөрү 1960-жылдан бери кызмат кылып, жарамдуулук мөөнөтү да аяктап, тез - тез бузулууларга дуушар болуп жаткан. Эми бул көйгөй чечилип, керектөөчүлөргө электр энергиясын  жеткирүүдө  энергетиктер үчүн   ыңгайлуу шарт жаралды.  Анткени "LW 36-136" жаңы типтеги  элегаздык өчүргүчтөр  чыңалууга туруштук берет. Эгерде авариялык өчүүлөр катталса, калыбына келтирүү жумуштары тез жүрөт. Керектөөчүлөр узак убакытка жарыксыз калбайт.

110/35/10-6 кВ "Жалал-Абад" көмөк чордонунда 4 даана өчүргүч болсо, анын  2 даанасы үстүбүздөгү жылдын 6 айынын иш планында элегаздык өчүргүчтөргө алмашты. Дагы бир даана өчүргүч октябр айына чейин алмашат.

Жасалып жаткан бул иштердин башкы максаты жабдыктарды авариялык режимдерден коргоо жана  керектөөчүлөрдү  сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо болуп саналат.