"КУЭТ" ААКнын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын көмөк чордон кызматы Жалал-Абад шаарындагы 110/35/10-6 кВ "Жалал-Абад" КЧда эскилиги жеткен жабдыктарды алмаштырып, 4 даана "LW 36-136" жаңы типтеги элегаздык өчүргүч орнотушту. Жумуш ыргагы ЖЭТИнин капиталдык курулуш планынын негизинде аткарылды.
Мурдагы "МКП -110" өчүргүчтөрү 1960-жылдан бери кызмат кылып, жарамдуулук мөөнөтү да аяктап, тез - тез бузулууларга дуушар болуп жаткан. Эми бул көйгөй чечилип, керектөөчүлөргө электр энергиясын жеткирүүдө энергетиктер үчүн ыңгайлуу шарт жаралды. Анткени "LW 36-136" жаңы типтеги элегаздык өчүргүчтөр чыңалууга туруштук берет. Эгерде авариялык өчүүлөр катталса, калыбына келтирүү жумуштары тез жүрөт. Керектөөчүлөр узак убакытка жарыксыз калбайт.
110/35/10-6 кВ "Жалал-Абад" көмөк чордонунда 4 даана өчүргүч болсо, анын баары үстүбүздөгү жылдын иш планында элегаздык өчүргүчтөргө алмашты. Алар: 110 кВ Андижан ГЭС өчүргүчү; 110 кВ Узген өчүргүчү; 110 кВ Төрөбаев -1 өчүргүчү жана 110 кВ Төрөбаев -2 өчүргүчү;
Жасалып жаткан бул иштердин башкы максаты ашыкча чыңалуудан жабдыктарды коргоо жана керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо болуп саналат.