Жалал-Абад электр тармактары ишканасы боюнча кыскача маалымат
Жалал-Абад электр тармактары ишканасы (ЖЭТИ) “Кыргызстан Улуттук электр тармагы” ААКнын филиалдык түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет. Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын тейлөөсүндө 3750,78 МВА белгиленген кубаттуулуктагы, чыңалуусу 35-110-220-500 киловольттук 109 көмөк чордондор бар, анын ичинде:
жана 10(6) кВ ТПнын (КТП) жалпы саны 3993 даана жалпы жалпы кубаттуулугу 874 МВА.
Жана жалпы узактыгы 11410,16 км болгон аба чубалгылары, анын ичинен:
Ишкана Жалал-Абад областынын Жалал-Абад, Сузак, Көк-Арт, Базар-Коргон, Ноокен, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Кара-Көл, Токтогул райондук электр тармактарын камтыйт жана Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кочкор-Ата, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Караван, Кара-Көл, Токтогул шаарларында 500-220-110-35-10-6-0,4 кВ көмөк чордондорун жана жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын оңдоо-түзөө жана ийкемдүү тейлөө жумуштарын жүргүзөт.
Азыркы учурда Жалал-Абад электр тармактары ишканасында 1884 адам эмгектенет.
Жалал-Абад ЭТИнин курамында 11 өндүрүштүк кызмат, 20 бөлүм жана тайпалар, 12 райондук электр тармактар (РЭТ), 2 электр энергия сатуу ишканасы (ЭЭСИ) бар.
Тейлөөнүн көлөмү 45715,3 шарттуу бирдигин түзөт.