Колл - центр: 105, 1209

Руководство Джалал-Абадского предприятия электрических сетей посетило Кара-Кульский и Таш-Комурский РЭСы.

3 октября 2023 г.

📌 ЖЭТИнин директору жана тийиштүү жетекчилер 2 күндүк иш сапарында Кара -Көл район электр тармактар ишканасынын күз-кышка даярдыгы менен таанышты. Эмгек жамаат менен пикир алышып, кампада электр жабдыктардын запасын карап чыгышты.Ошондой эле 110-6 кВ Кайыңды жана Кара-Суу көмөк чордондун күз -кышка даярдыгын дыкат текшеришти.
📌Андан соң Таш -Көмүр район электр тармактар ишканасында болушту. Мында «Камбар-Ата» көмөк чордонунан 16000 кВА күч трансформатору келди.Аны Шамалды-Сай 110/35-6 көмөк чордонуна түшүрүп, келерки жылы ишке киргизүү пландалды. Ошондой эле Таш -Көмүр РЭТинде күз -кышка болгон даярдыгы боюнча маалымат алышты.
📌Иш сапарда ЖЭТИнин директору Сүйүнбек Усенов жумуш ыргагында энергетиктерди кемчиликтерди кетирбөөгө чакырды. Керектөөчүлөрдүн муктаждыгын учурунда чечип, эл менен тыгыз иштөөсүн талап кылды.
📌Күн-түн дебей эмгектенип жаткан энергетиктердин кызматы эл үчүн!!!