Директорлор кеңешинин чечими менен, Жалал-Абад электр тармагы ишканасынын директору болуп Сүйүнбек Усенов дайындалды. 29-июнь күнү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору Алтынбек Рысбеков жаңы дайындалган директорду жамаатка тааныштырды.
Ал бул убакытка чейин, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын башкы инженери болуп иштеп турган.
Ал эми аталган ишкананын директору Азамат Паизов башка жумушка которулду.
Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 1885 кызматкер иштейт, жалпы облус боюнча 253 073 абонент бар.