Колл - центр: 105, 1209

Жалал-Абад электр тармактар ишканасында жыл башынан бери 11 даана жаңы авто унаага ээ болушту

15 июля 2023 г.

Сүйүнбек Усенов, өз сөзүндө техникалардын берилиши жумуштун сапатын жакшыртууга, калкты электр энергиясы менен камсыздоодо ишенимдүүлүктү арттырууга өбөлгө түзөт деди. Күз-кышка карата камылгаларды тиешелүү деңгээлде жүргүзүп, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого болгон аракеттерди көрүүгө чакырды. Ошондой эле унааларды бөлүүдө , муктаждык жана жумуштун көптүгүн эске алганын баса белгиледи 
6 бригадалык унаа жана 3 экскаватор зарыл болгон район электр тармактар ишканаларына бөлүндү.
Алыскы тоолуу жана керектөөчүлөрү көп, электр чубалгылары узун райондорго берилди. 
Жалал-Абад электр тармактар ишканасы боюнча 110 даана көмөк чордон бар, ал эми электр чубалгылардын узундугу 2714 чакырымды түзөт. 
Авто унаалардын берилиши , жумуш ыргагын тездетип, кызматкерлерге кошумча шарт боло алат. Анткени, мурунку унаалардын эскилиги жеткен. Оңдоп-түзөөнү көбүрөөк талап кылчуу. Андан дагы, экскаваторлорду кезектешип иштеткенге туура келчүү.
Техникага болгон муктаждыктар чечиле баштады. Мындан 2 ай мурун дагы эки жаңы унаа келген.
Эскерте кетсек, министр Таалайбек Ибраев өткөн жылы ишкананын кызматкерлери менен жолугушуп, унаага болгон зарылдыкты көрүп, ушул жылга жаңы машиналар менен камсыз кылууну убадалган.