Колл - центр: 105, 1209

Кызыл -Токой айылында 10кВ 10 чакырым аба чубалгы накталап оңдоп түзөөдөн өтүүдө

11 июня 2024 г.

Кызыл -Токой айылында 10кВ 10 чакырым аба чубалгы накталап оңдоп түзөөдөн өтүүдө
 
"Кыргызстан УЭТ" ААКтын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Ала-Бука район электр тармагында күз-кыш мезгилине карата оңдоп- түзөө жумуштары кызуу жүрүп жатат.
Акыркы эки жыл аралыгында электр жабдыктары оңдолуп, эскилиги жеткен жыгач мамычаларды темир бетон мамычаларга алмаштыруу, аба чубалгыларды тартуу жумуштары бачым жана сапаттуу, көлөмү да көп жасалууда.
Мунун себебин Ала-Бука РЭТинин башчысы Акылбек Рысматов энергетика тармагында өсүүлөр, ири долбоорлор ишке ашып жаткандыгын жана кесиптик техникалардын берилүүсү менен ырастайт.
 
Чаткал районуна караштуу Кызыл- Токой айылы Ала -Бука району менен чектеш болгондуктан Ала-Бука РЭТи тейлейт. Кызыл -Токой линиясы узундугу 72, 6 чакырымды түзүп, 1958- жылы курулган. Ошол жылдардан бери утурумдук оңдоолордон өткөнү менен жыгач мамычалардын эскилиги жетип, жараксыз боло баштаган. Анын кесепетинен авариялык абал көп катталчу.
 
2024- жылдын иш мерчемине Кызыл -Токой айылында 10кВ 10 чакырым аба чубалгы накталап оңдоп-түзөө иштери киргизилип, жумуш аткарылууда. Кызыл -Токой айылынан Кара-Төбө айына кеткен линия 65 жыл мурун курулгандыктан, ал учурда керектөөчүлөр аз болуп плансыз курулуп, аба чубалгылар айыл ичин айланып өтүп калган. Эми ал линия оңдоп- түзөөдөн соң 200 метр аралыкка кыскарды.
 
Айта кетсек, өткөн жылы Алматов фидеринен Кызыл - Токой айылына жаңы 1 чакырым линия курулуп, Кызыл - Токой айылы уланган. Натыйжада 72,6 чакырым аба чубалгы 32 чакырымга кыскарган. Бул тейлөө сапатын жакшыртууга өбөлгө болду дешет адистер.
 
Ала-Бука район электр тармактары мерчемделген жумуштарды өз учурунда аткарууда. Алардын максаты керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу.