Колл - центр: 105, 1209

"Кыргызстан УЭТ" ААКтын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жогорку аба чубалгылар тейлөө кызматы Датка - Кристалл   линиясында № 159 мамычаны сактап калуу аракетинде дарыянын нугун бурушту

22 мая 2024 г.

Табигаттын кырсыгына коркунучта турган  мамычаны сактап калуу жумушу жүрдү

"Кыргызстан УЭТ" ААКтын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жогорку аба чубалгылар тейлөө кызматы Датка - Кристалл   линиясында № 159 мамычаны сактап калуу аракетинде дарыянын нугун бурушту.

Аталган мамыча Базар - Коргон районунун Кызыл Октябрь айылынан өткөн  Кара - Үңкүр дарыясынын жээгине 70 метр  жакын жерде  жайгашкан. Бирок табияттын кубулушунан жаан- чачын  көп жаап, суунун көлөмү көбөюп, дарыя жээктерин жеп баратат. 

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматкерлери бул көйгөйдү алдын алуу максатында  суунун нугун буруу үчүн сырттан техникаларды тарткан. Бул аракеттер өз учурунда  аткарууга алынды. Эгерде учурунда жумуш жасалбаса бир топ чыгымга дуушар болмок.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасы  мындай жумуштарды ыкчам аткарууга алат.Алсак, өткөн жылы суу жээктерине дамбаларды тосуу аракетин көрүшкөн