Колл - центр: 105, 1209

500 кВ «Токтогул ГЭС - Датка» жогорку чыңалуудагы аба чубалгысында 770 даана изоляторлор алмаштырылды

12 июня 2023 г.

Аталган аба чубалгы, 1972-жылдары курулуп, 1974-жылы пайдаланууга берилген. Жалпы узундугу 80 чакырымды түзөт, 252 даана электр мамычадан турат. Анын 181 даанасы анкердик электр мамычалар. Чубалгы Кара-Көл шаарынын жана Ноокен, Базар-Коргон райондорунун аймактарында жайгашкан.
500 кВ «Токтогул ГЭС - Датка” аба чубалгысынын 10 чакырымы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 770 даана изоляторлору алмаштырылды. Ошондой эле зымдардын бириккен жерлериндеги байланыштарын бекемдөө жана электр зымдарын үстүнөн текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын тейлөө кызматынын Кара-Көл, Избаскент, Жалал-Абад участкаларынын адистери, 3 бригада болуп иш алып барды. Бир бригада күнүнө 75 даанадан изолятор алмаштырганга мүмкүнчүлүгү бар.
Аба чубалгылар, тоо кыркаларында жайгашкандыктан, кызматкерлер ошол аймактарда жашап иштеп жатышат.
 Оңдоп-түзөө жумуштары, жаз-күз айларында эки жолу жүргүзүлөт, бул иштер күз-кыш айларына карата камылгалардын алкагында аткарылууда.