220-110-10 кВ Төрөбаев көмөк чордону пландын негизинде оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү
18 июля 2023 г.
Бул жерде 3 даана авто трансформатор жайгашкан. АТ-3 трансформаторунун иштөөсүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында, трансформатордун ичин ачып, татаал оңдоо жумуштарын жүргүзүштү.
Анткени, буга чейин аталган трансформатордо кээ бир мүчүлүштүктөр орун алган. Аларды жоюу үчүн, кесипкөй адистер топтолуп, кылдаттык менен капиталдык оңдоодон өткөрүштү.
Андан сырткары, трансформатордун майынын сапаттуулугу текшерүүдөн өттү.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматкерлери, эскирген электр мамычаларды жаңылап, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларды калыбына келтирип, трансформаторлордун майын алмаштырып, кубаттуулугун жогорулатуу жумуштары менен алектенишүүдө.
Бул иштер 2023-2024-жылдын күз-кыш айларына карата көрүлүп жаткан даярдыктар.